27-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

27-декабрга караган түнү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Талас облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз +3…+8,

Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +2…+7,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +4…+9,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +1…+6,

Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -3…+2.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз +6…+8 градус жылуу болот.

Related posts

Караколдогу төрөт үйүндө 23 жаштагы келин каза болду

admin

Рамзан Кадыровдун 15 жаштагы уулу «жооптуу кызматка» дайындалды

admin

Сот Талас округунан шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды

admin

Комментарий