3-апрелде өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

3-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында жаан, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +13…+18,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +9…+14,

Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +8…+13.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +16…+18 градус жылуу болот.

Related posts

Мэрия менен Панфилов паркы аттракциондон кулаган кыз боюнча үн катты

admin

Сейсмология институту жер титирөө боюнча так маалымат берди

admin

Филармонияда миң бала манас айтты

admin

Комментарий