7-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

7-декабрда түнкүсүн Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз +1…+6,

Талас облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +3…+8,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +10…+15,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +6…+11,

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +5…+10.

Бишкек шаарында 7-декабрга караган түнү жана эртең менен жаан жаашы мүмкүн. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +4…+6 градус жылуу болот.

Related posts

Бейшеналиев эмне үчүн кетти? Депутат өз версиясын бөлүштү

admin

Жолдорду автоунаа ээлеринин эсебинен оңдоо боюнча мыйзам долбоору ЖКда каралууда.

admin

Президент Элдик курултайдын Аксакалдары менен жолугушту

admin

Комментарий