КР УКМК: КР Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Кара-көл секторунун адиси автотранспорт каражаттарын мыйзамсыз каттагандыгы үчүн кармалды

УКМК КР Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчилиги менен биргеликте коррупциялык көрүнүштөрдү демонтаждоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында автотранспорт каражаттарын каттоо тартибин одоно бузуу фактыларын аныктады.
Тактап айтканда, Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкери документтер боюнча РФнын аймагынан Кыргыз Республикасына ташылып келинген делген жүк ташуучу транспорт каражаттарын акчалай сыйлык үчүн мыйзамсыз тариздегени аныкталган.
Бирок, текшерүү көрсөткөндөй, бул транспорт каражаттары Казакстанда бажыдан өткөрүлгөн, анда Бурабай протоколуна ылайык жүк ташуучу автомобилдерге алып келүү алымынын төмөндөтүлгөн ставкасы (10%) колдонулат. Мындай транспорт каражаттары шарттуу чыгарылган деп таанылат жана кайра декларациялоосуз, бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн жана «ЕАЭБ товары»статусун тастыктамайынча башка мамлекеттин органдарында катталышы мүмкүн эмес.
Мындан тышкары, аталган кызматкер акчалай компенсация алуу үчүн транспорт каражаттарын каттоо эрежелерин бузуу менен мыйзамсыз түрдө жүк ташуучу фураларды жүргүнчүлөрдү ташуучу кичи автобустарга айландырган.
Аталган факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында КР Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Кара-Көл секторунун адиси кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Related posts

Мурдагы президент Атамбаевге дарылануу үчүн өлкөдөн чыгууга уруксат берилди

mediaportalk

Бильярд боюнча Дүйнө чемпиону Каныбек Сагынбаев кармалып, үй камагына чыгарылды

mediaportalk

Бишкекте өгөй кызын уурдап, өлтүрүүгө шектүү кармалды

mediaportalk

Комментарий