7-мартта өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

7-мартта түнкүсүн Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +5…+10,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+12,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +2…+7,

Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз 0…-5.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз ала булут каптап турат, жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +8…+10 градуска чейин жылыйт.

Related posts

10 миллион сомго чейин жеткен… Ош мэринин мурдагы жардамчысы акча талап кылууга шектелүүдө

admin

Индияда өткөн аскердик парад көпчүлүктү таң калдырды (видео)

admin

Социалдык тармактардын иштөөсү үзгүлтүккө учурады

admin

Комментарий