Бишкекке 20 жаңы автобус келди 

Бишкекке 20 жаңы автобус келди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, автобустун узундугу 10,5 метрди түзөт, кыймылдаткычы газ менен иштейт. Автобус 75 адамды ташууга ылайыкталган. Анда 26 орундук жайгаштырылып, 1 орун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн ылайыкталган.

Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун буйругу менен автобустарды сатып алуу үчүн шаардык бюджеттен 1 млрд сом бөлүнгөн.

Жакында борборго дагы 100 автобустун келүүсү күтүлүүдө.

Related posts

Ооганстанда автобус менен күйүүчү май ташыган унаа сүзүшүп, 21 адам каза болду

admin

«300 доллардан 3 миң долларга чейин». «Элиталык» сойкулардын «ээлери» кармалды

admin

Бишкекте «Жашыл технологияларды өнүктүрүүдө аялдардын инновациялык идеялары” аттуу иш-чара өтөт

admin

Комментарий