Бүгүн 1-класска электрондук каттоо башталды 

Биринчи класска мектепке электрондук каттоо бүгүн, 10-апрелде саат 9:00дө башталды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Электрондук каттоо эки этапта жүргүзүлөт. Биринчи этап – юридикалык жашаган жери боюнча (10-апрелден 25-июнга чейин), экинчи этап – жашаган жерине карабастан (26-июндан 31-августка чейин). Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн, уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек. mektep.edu.gov.kg порталын ачып, башкы беттеги көрсөтмөлөрдү аткаруу зарыл. Сиздин суроолорго жооптор жана нускамалар порталдын башкы бетинде бар. 10-апрелден тарта дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 9:00дөн 18:00гө чейин жарандарга кеңеш берүү үчүн чалуу борбору (110 телефону) иштей баштайт. Чалуу акысыз.

Related posts

Райымбек Матраимов камакта калтырылды

admin

Нурланбек Шакиев Мажарстандын Улуттук Ассамблеясынын Төрагасы, Президентинин милдетин аткаруучу Ласло Кёвер менен жолугушту

admin

Камчыбек Ташиев төрт жылда мамлекетке 125 млрд сом өндүрүлгөнүн айтты

admin

Комментарий