7-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

7-июнга караган түнү өлкөнүн аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Жалал-Абад облустарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +32…+37,

Талас облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +33…+38,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28,

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +23…+28.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +35…+37.

Related posts

КЫРГЫЗПАТЕНТ ДОНОРЛОР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРДҮ

admin

Бишкекте Telegram аркылуу синтетикалык баңгизат сатууга көмөктөшкөндөр кармалды

admin

Бишкекте үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө 90 миң сом тапшырылды 

admin

Комментарий