Ошто 20 жаштагы жигит соцтармактагы экстремисттик билдирүүлөрү үчүн кармалды

Экстремизмге шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Милиция кызматкерлери социалдык тармактарда мониторинг жүргүзгөн учурда өлкө аймагында тыюу салынган диний-экстремисттик материалдарды тараткан жаран аныкталып, алынган материалдар соттук-эксперттик кызматынын корутундусуна ылайык, диний экстремисттик уюмдарга таандык экендиги тастыкталып, Кылмыш-Жаза Кодексинин 332-беренесинин (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде 2003-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды. Азыркы учурда тиешелүү социалдык тармактар менен жана аларга катталган жарандар боюнча тергөө-оперативдик иш-чаралар улантылууда.

Related posts

Ленин районундагы шайлоо. Кол менен саноодо да Кубанычбек Самаков алдыда

admin

Чүйдө 72 жаштагы пенсионер тонолду 

admin

Садыр Жапаров “Казань Экспо” эл аралык көргөзмө борборуна келди

admin

Комментарий