Мирлан Самыйкожо тууну өзгөртүү боюнча: «Эмнеге ушуга жабышты да калды билбейм»

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев туунун авторлору менен жолугушуп, алар тууну өзгөртүүгө каршы эместигин билдиришти. Алар 10 күн ичинде туунун так вариантын алып келишет. «Собол TIME» рубрикасынын кезектеги чыгарылышында тууну өзгөртүү боюнча депутаттардын оюн угуп көрдүк.

«Турган тууга тийишпей эле жашасак жакшы болот эле. Башка жумушту кыйратып жаткансып. Бул түшүнгөн адамга коломто. Бийиктен карасаң — коломто. Азыр биз астынан карап алып эле «күн карама экен» десе күн карама деп жатабыз. Ким күн карама десе, өзү күн карама. Эгер тик болсо, уйгак болот. Туу өзгөрбөш керек. Эгер эртең бирөө келип, күн карама эмес, коломто экен десе, коломто экен дей тургандар. Ар бир нерсеге тууда жооп бар. Эмнеге ушуга жабышышты да калды билбейм»,- деди Мирлан Самыйкожо.

Related posts

18-декабрга карата аба ырайы

mediaportalk

Вэнс: Киев жеңишке жете албайт, өзөктүк курал колдонулуп кетиши мүмкүн

mediaportalk

24 градуска чейин — Кыргызстанда 25-мартка карата аба ырайы

mediaportalk

Комментарий