Вэнс: Киев жеңишке жете албайт, өзөктүк курал колдонулуп кетиши мүмкүн

Жакынкы жылдарда аскердик аракеттер улана турган болсо Киев утуп чыкпайт. Бирок өзөктүк курал колдонулуп кетиши мүмкүн. Бул тууралуу АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс билдиргенин РИА Новости жазды.

“Азыркы көрүнүш улана бере турган болсо украиндер согушту жеңе албайт. Менимче, айрым маалымат каражаттарында согуш бир нече жыл улана турган болсо орустар туруштук бере албай, украиндер өз аймагын кайтарып алат, баары согушка чейинки абалга келет деген кызыктай пикирлер жаралууда. Бирок бул биз жашап жаткан реалдуулукка такыр дал келбейт”, — деди Вэнс.

Анын пикиринде, эгерде согуштук аракеттер токтобосо, өзөктүк согушка алып келиши мүмкүн.

Шаршембиде АКШнын президенти Дональд Трамп Зеленскийди катуу сынга алып, анын Крым боюнча билдирүүлөрү Россия менен сүйлөшүүлөргө доо кетирип жатканын белгиледи.

Америкалык лидердин айтымында, Украинадагы абал оор, Зеленский тынчтык орнотуусу керек, болбосо үч жылдан кийин бүтүндөй өлкөнү жоготот.

Related posts

Кыргыз-казак чек арасында система иштебей калганына байланыштуу жүк ташуучу унаалар топтолуп калды

admin

Манас шаарында үйүндө «черный ломбард» уюштурган аял кармалды

admin

КР УКМК: Талас облусунда жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берилген айыл чарба багытындагы жер тилкелерин мыйзамдаштыруу фактысы аныкталды

admin

Комментарий