Жалал-Абадда Орусиядан жыгач алууну каалаган жаран 35 миллион сомун алдаткан. Шектүү кармалды

Жалал-Абад облустук милициясы 35 миллион сомдон ашуун акчаны алдап кеткен шектүүнү кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

6-сентябрь күнү Жалал-Абад шаарынын 29 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2022-жылдын июнь айында Ноокен районунун 22 жаштагы тургуну, Орусиядан жыгач алып келип берем деп 35 миллион 158 миң сом акчасын алып, ушул күнгө чейин качып жүргөндүгүн билдирген. Бул окуя Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Ноокен районунун тургуну 2001-жылы туулган жаран Өзбекстанда кармалып, Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Related posts

Элчи Аида Исмаилова: «Түштүк Кореяда мыйзамсыз жүргөн 714 Кыргыз жараны бар»

admin

КР УКМК: Бакай-Ата районунда жеке менчике өтүп кеткен жер тилке мамлекеттин эсебине кайтарылды

admin

Кыргызстандан ЕАЭБге колбаса экспорттогон ишканалардын саны 25ке жетти

admin

Комментарий