«Жарым жылда 680 миң сом алган». Жеке компаниядан акча талап кылган шектүү кармалды

Жеке компаниянын өкүлдөрүнөн акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

23-ноябрда ички иштер органдарына жеке фирманын өкүлү кайрылып, айрым адамдар тарабынан коркутуп-үркүтүү жана опузалоо фактылары болуп жатканын билдирген. Кайрылууда узак убакыттан бери аларга өзүн коррупцияга каршы элдик көзөмөл коомунун мүчөсүмүн деп тааныштырган адам келип, жергиликтүү жаштарды алып келип, толук кандуу иш алып баруусуна жол бердирбей коем деп, коркутуп-үркүтүү жолу менен акча каражаттарын алып турган жана болжол менен алты айдын ичинде опуза талап кылып 680 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алгандыгын, опузалоо дагы деле уланып жатканын билдирген. Бул факты боюнча топтолгон материалдардын негизинде, Ош облусунун Кара-Суу райондук Ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

Аталган кылмыш иштин алкагында кылмышка шектүү катары 1964-жылы туулган Алай районунун тургуну кармалды. Ал Кара-Суу райондук милиция бөлүмүнө жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Related posts

Шашылыш билдирүү: Нөшөрлүү жамгыр жаап, сел жүрүшү күтүлөт

admin

КР УКМК: Бишкекте жиу-житсу боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты болуп өттү

admin

Эксперт жасалма интеллектиге кантип туура суроо берүү керектигин айтып берди

admin

Комментарий