«Кыргыззоот» ЖЧКсы жумушчу кийимдерди чыгаруу боюнча россиялык компания менен 2 миллион сомдук келишим түзгөн   

«Кыргызиндустрия» ААКтын туунду ишканасы «Кыргыззоот» ЖЧКсы жумушчу кийимдерди тигүү боюнча россиялык «Далматовская тигүү фабрикасы» ишканасы менен 2 млн сомдук келишим түзгөн. Бул тууралуу аталган ишкананын жетекчиси Тургун Асанов билдирди.

«Келишимге ылайык, биз 2 миң даана көлөмүндө жумушчу кийимдерин чыгарышыбыз керек, тигүү иштерин баштадык. Аларды келерки жылдын январь-февраль айларында жөнөтүүнү пландап жатабыз», — деди ал.

Асановдун айтымында, учурда «Кыргыззоот» ЖЧКсы Казакстанга заказдарды жөнөтүүдө.

«Учурда биз Казакстан үчүн 800 миң сомдук 1,6 миң даана аскердик кийимдерди чыгарып, жөнөттүк», — деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, “Кыргыззоот” ЖЧКсы күч түзүмдөрү үчүн атайын тактикалык кийимдерди, коргонуунун жогорку деңгээлдеги соотторду чыгарат.

Өндүрүштө өтө жогорку молекулярдык жогорку тыгыздыктагы полиэтилен, CORDURA кездеме жана Кевлар колдонулат.

Ишкана Кытайда чыгарылган стандарттуу JACK тигүүчү машиналары жана Түркиядан келген атайын жабдуулар менен жабдылган.

Related posts

Парламенттен кечирим сураган Эдил Байсаловго депутаттар бир топ сын айтты

admin

Жаңы жыл түнү айланма жолдо жол кырсыгы катталып, Ленин РИИБдин кызматкери көз жумду 

admin

Кыргызстан 10 миң электромобилди алымсыз ташып келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду 

admin

Комментарий