Иранда жардыруудан 103 адам каза болду

Ирандын түштүгүндөгү Керман шаарындагы көрүстөндүн жанында болгон эки жардыруудан кеминде 103 киши набыт болуп, 170тен ашууну жарадар болгонун ирандык маалымат каражаттары кабарлашты.

Чогулгандар Иран генералы Касем Сулейманинин өлүмүнүн төрт жылдыгына арналган салтанатка барышкан. Иран бийлиги окуяны теракт деп атады. Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлагандай, эки жардыруу болгон.

Айрым маалыматтарга караганда, бомбалар эки баштыкка салынып, аралыктан жардырылган, бирок бул маалымат расмий түрдө тастыктала элек.

Related posts

Уланбек Мамбетакунов билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду 

admin

УКМК: Эл аралык баңги тобунун кылмыштуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду 

admin

24-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы 

admin

Комментарий