Украинадагы согушка катышкан жигит абактан чыкты

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 24-январындагы өкүмү менен Кубанычбек уулу Аскар Кылмыш-жаза кодексинин 416-беренесинде каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, 7 жылга эркиндигинен ажыратылды. Бул тууралуу аталган райондук соттон билдиришти. 

Биринчи май сотунан билдиришкендей, Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин негизинде ал 3 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл менен жаза өтөөдөн бошотулду.

Ал буга чейин 10 жылга эркинен ажыратылган. Кийин Жогорку Сот өкүмдү жокко чыгарып, башынан кароого жөнөткөн.

Related posts

Суукка байланыштуу кышкы каникул 16-январга чейин узартылды 

admin

Бишкектин четинде кулаган аскердик тик учак кырсыгынан бир киши каза болгону айтылууда

admin

28-февралда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий