Ташиев Кыргыз футболдук союзунун кеңсесинде жаңы курам менен жолугушуу өткөрдү

Кечээ, 20-февралда Кыргыз футболдук союзунун кеңсесинде КФСтин президенти Камчыбек Ташиев уюмдун аткаруу комитетинин жаңы курамы менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө президент аткаруу комитетинин мүчөлөрү менен жакындан таанышып, биргеликте ишке ашырыла турган максаттарды белгиледи. Андан сырткары, президент жолугушуунун катышуучуларына ата-мекендик футболдогу негизги чечимдерди кабыл ала турган аткаруучу органдардын мүчөлөрү катары алардын жоопкерчилиги чоң экендигин эске салды.

Президент КФСтин аткаруу комитетинин жыйынын чакыруу чечимин кабыл алды, анын датасы 27-февраль күнүнө белгиленди. Аталган жыйындын күн тартибиндеги негизги маселелердин бири КФСтин башкы катчысын дайындоо болот.

Уюмдун коллегиалдуу башкаруу органынын жаңы курамы 19-февралда өткөн кезексиз конгрессте шайланган болчу. Бул курамдын мөөнөтү 2026-жылдын апрель айына чейин созулат.

Related posts

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы К.К.Ташиев Чолпон- Ата шаарында эс алуучу жайлардын жетекчилери менен жолугушту

admin

Адахан Мадумаровдун уулу мас абалында унаа айдаганы үчүн 1 жылга айдоочулук укугунан ажыратылды

admin

Садыр Жапаров «Каркыра» тоо-эс алуу комплексинин курулушун баштап берди (сүрөт)

admin

Комментарий