Казакстандык блогер Кыргызстанда кармалганын жазды

Кечээ, 24-апрелде блогер Эртай Искаков милицияга кайрылып, казакстандык блогерлерге чара көрүүнү суранды. Анын айтымында, алар Бишкектин парктарында сөгүнүп, аны видеого тартып жарыялап жатышат. Ошондой эле казинону жарнамалоого тыюу салынган, ага карабастан жарыялап жатышат.

«Биздин карындаштарыбыздын намысына шек келтирүүчү сөздөр менен атап, Кыргызстанда ушундай кылса боло берет деп көрсөтүп жатат. Бул кылганы үчүн мыйзам чегинде жоопкерчилик бар, видеосунун негизинде кайрылуу келтирем. Бишкек ШИИБ чара көрүп бериңиздер», — деп жазган ал.

Көп өтпөй эле казак блогери Айдын Тусупов соцтармактагы баракчасы аркылуу ал милиция тарабынан кармалганын жазды. Анын кармалышы боюнча азырынча милиция маалымат бере элек.

Related posts

24-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

admin

8-мартты иш күн кылып, Курман айтты үч күн белгилөө. Депутаттын сунушуна кандай карайсыз?

admin

Жаан жаап, тоолорго кар түшөт. 7-мартка карата күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий