Ленинград курчоосунда калган 150 баланы баккан Токтогон Алтыбасаровага арналган эстелик ачылды

Коргоо министри Бактыбек Бекболотов бүгүн, 9-июнда Токтогон Алтыбасаровага арналган тарыхый экспозициянын ачылыш аземине катышты.

Иш-чара Түп районунун Ак-Булуң айылында өтүп, ага президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары, Түп районунун акими, Орусиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин өкүлдөрү, Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлери жана айыл тургундары катышышты. Салтанаттуу иш-чаранын башталышында эстеликтин ачылышы болуп, гүлчамбарлар коюлуп, бир мүнөт эскерилип, куран окулду. Иш-чаранын жүрүшүндө министр сөз сүйлөп, улуу ата мекендик согуш жылдарындагы Ленинграддан эвакуацияланган 150 баланы өз камкордугуна алган Токтогон Алтыбасарованын эмгегин баса белгиледи. Иш-чара концерттик программа менен аяктады.

Related posts

Жаан жаап, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн 

admin

Садыр Жапаров Казакстанга иш сапары менен учуп кетти

admin

Баракелде! Жалалидин Абдувалиев Азиянын паралимпиада оюндарында күмүш жеңди

admin

Комментарий