«Күн сайын адамдар чөгүп жатат». Казак өкмөт башчысы коңгуроо какты

Олжас Бектенов Казакстандын өкмөтүнүн жыйынында жыл сайын жүздөгөн адамдар чөгүп каза болорун айтты. Быйылкы 2024-жылы да бул тенденция өзгөргөн эмес.

«Ушул жылы 200-300 киши каза болду. Алардын ичинен балдар — 100дөй. Жай эми эле башталды. Сууда чөгүп каза болгондордун саны өсүп жатат. Өткөн аптада борбор калаада дарыянын аркы жээгине сүзүп өтөм деп, өспүрүм чөктү. 1-июнь Балдарды коргоо күнүндө Кызылордада эки бала чөгүп кетти. Туркестан облусунда каналда дагы эки бала, Каспий деңизинде кароосуз калган 2 жашар бала чөгүп каза болду. Мындай фактылар күн сайын катталууда. Мына бүгүнкү ӨКМ берген маалыматта да сууга чөгүп каза болгондор бар», — деди ал.

Related posts

Бишкекте «Ожак Кебап» кафесинин бир бөлүгү бузулууда

admin

Бишкекте кылмыштарды уюштурган Пакистандын жараны кармалды

admin

Чүйдө мас киши үйгө кирип, аялга бычак сайган. Шектүү кармалды

admin

Комментарий