Жумгалда мал кайтарууга кеткен 45 жаштагы киши менен 9 жаштагы бала дайынсыз болууда

Жумгалда 45 жана 9 жаштагы жарандар дайынсыз болууда. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Нарын облусунун Жумгал районундагы Өрнөк айылынын 1979-жылы туулган К.Б. жана 2015-жылы туулган С.Б. аттуу тургундары мал кайтарууга жайлоого кетип, 16-октябрдан бери дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 20-октябрь күнү түшкөн.

Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө кечээ, 20-октябрда ӨКМден 11 куткаруучу, ИИМден 12 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 60 адам жалпы 83 адам тартылып, издөө жумуштарын аткарып натыйжа болгон эмес.

Бүгүн, 21-октябрда Жумгал райондук №43 ӨКБдан 7, №44 ӨКБдан 5 жалпы 12 куткаруучу, ИИМден 20 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 65 адам жалпы 107 адам тартылды.

Related posts

Кытайда катталган жер титирөө Кыргызстанда 2,5 баллга чейин сезилди

admin

Уланбек Тотуяев Кыргызстандын Пакистандагы элчиси кызматынан бошотулду

admin

Өлкөдө түнү жер титирөө катталды

admin

Комментарий