“Евразия университетинин» мурдагы ректору документтерди бурмалоо иши боюнча кармалды

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жогорку билим берүү тармагындагы коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүүнү улантууда.

Буга чейин УКМК тарабынан «Евразия университети» аттуу коммерциялык эмес билим берүү мекемесинин окуу ишмердүүлүгүнө комиссиялык текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында айрым окутуучулар сабактарга жана экзамендерге катышпаган студенттерге мыйзамсыз түрдө баа коюп, расмий документтерди бурмалаганы аныкталган. Бул иш-аракеттер билим берүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптерин жана мыйзам талаптарын одоно бузган.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, мыйзам бузууга катыштыгы бар 19 окутуучу аныкталды. Алардын ичинен үчөө буга чейин кармалган. 16-октябрда иштин төртүнчү фигуранты — «Евразия университетинин» мурдагы ректору, учурда Ж.Баласагын атындагы КУУнун окутуучусу С.М.А. кармалып, бир ай мөөнөткө №1 СИЗОго камакка алынды.

УКМК КР эскертет: коомдогу абалына же кызматтык даражасына карабастан, коррупциялык иш-аракеттерге аралашкан ар бир жаран мыйзам алдында жоопко тартылат.

Related posts

Бишкекке КМШ өлкөлөрүнүн парламентинин спикерлери келишти. Кандай тосуп алышты?

admin

КР УКМК жетекчилиги менен байланышка жамынып, 1 млн АКШ долларын опузалаган КР жараны кармалды

admin

Бишкекте 20 жаштагы Адинай Абазова дайынсыз болуп жатат

admin

Комментарий