Кумтөр кенине таштандыларды жок кылуучу уникалдуу жабдык орнотулду

Ишканадан билдиришкендей, орнотулган «БРЕНЕР 350 У» үлгүсүндөгү инсениратор суткасына 3 тонна калдыкты жок кылат. Жабдык эң акыркы инновациялык технологиялар менен жасалган. Таштандыларды өрттөөдө абага булганыч заттар, жада калса түтүнү да чыгарылбайт. 3 тоннадан болгону 1% таштанды калат.

Белгиленгендей, кайра иштетүүгө жараган таштандылар өз-өзүнчө чогултулат дагы кайра иштетилет. Мисалы желим заттар Кумтөрдүн колдоосу менен Саруу айылында ачылган атайын цехте, эски дөңгөлөктөр Кумтөрдүн Токмок шаарындагы заводунда кайра иштетилет.

Related posts

КР УКМК: Калкты социалдык жактан коргоонун мамлекеттик органдарындагы системалуу коррупция жөнүндө

admin

Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында жаңы желек илинди

admin

Нурланбек Шакиев Аксыдагы сел кырсыгынын кесепеттерин жоюу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат алды

admin

Комментарий