Таласта 34 млн сомдук мамлекеттик мүлк 874 миң сомго сатылып кеткен

Талас облусунун Бакай-Ата районунда 34 млн сомдук мамлекеттик мүлк 874 миң сомго сатылып кеткени боюнча прокуратура кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Талас облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Салык кызматынын Бакай-Ата району боюнча башкармалыгынын, Сот департаментинин райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн жана “Талас балык чарбасы” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери атайын жердин баасын төмөн көрсөтүү жолу менен “Талас балык чарбасы” мамлекеттик ишканасынын пайдалануусундагы мамлекеттин менчиги болгон 34 млн сомдук 16,5 га жер аянтты жана ага таандык 1-көлмө кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз түрдө жеке менчикке 874 миң 500 сомго сатып жиберишкендиги аныкталды.

Бул факты боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) боюнча кылмыш ишин козголуп, тергөө аракеттерин жүргүзүү УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгына тапшырылды.

Related posts

Садыр Жапаров: Кыргызстан Азербайжанды ишенимдүү дос жана өнөктөш деп эсептейт

admin

Кыргызстандын желегин унаанын артындагы устунга байлап алган айдоочу кечирим сурады

admin

Бакуда Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган маарекелик иш-чара өттү. Сүрөттөр

admin

Комментарий