Зеленский АКШга карыз төлөөдөн баш тартты

Владимир Зеленский АКШ президенти Дональд Трамп Украинанын сейрек кездешүүчү кендери боюнча макулдашуунун алкагында талап кылган 500 миллиард долларды кайтарып берүүдөн баш тартты. Анын сөзүн «Зеркало недели» Telegram каналы жарыялаганын РИА Новости жазды.

«Кимдир бирөөлөргө жагабы, жакпайбы, АКШдан келген 500 миллиарддык жардамды тааныбайм. Жүз миллиардын да тааныбайм, биз президент Байден менен бул гранттык каражат деп сүйлөшкөнбүз. Грант — бул кайтарылууга жатпай турган акча. Грантты кайтарбайбыз», — деген Зеленский.

Киев режиминин жетекчиси украиналыктардын ондогон муунун карызга батырган келишимге кол койбой турганын белгилеген.

Эскерте кетсек, АКШ президенти Дональд Трамп 3-февраль күнү Вашингтон аскердик жана финансылык колдоосу үчүн Киевден сейрек кездешүүчү металл жеткире турган кепилдик күтүп жатканын билдирген. The Washington Post гезити аткаминерлерге таянуу менен 14-февраль күнү Зеленский менен Мюнхенде жолуккан америкалык аткаминерлер Украинанын казыла элек минералдык ресурстарынын 50 пайызына ээлик кыла турган документти сунушташканын жазды. Эртеси Зеленский АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнске макулдашууга кол койбой турганын айткан.

Ишемби күнү АКШнын финансы министри Скотт Бессент АКШ менен Украинанын экономикалык кызматташуусу боюнча түзүлө турган макулдашуунун долбоорунда Киев кен казуудан алган кирешесин атайын фондго жөнөтөрүн, аны Вашингтон көзөмөлдөй турганын билдирген болчу.

Жекшемби күнү Батыш ЖМКлары Украина компенсациялык фонд түзүү сунушун четке какканын жазып чыгышты.

Related posts

Муниципалдык кызматкерлер аптанын эки күнүндө коомдук транспорт менен жүрөт

admin

25-октябрда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

ЕАЭБде жүк ташууда электрондук коштомо колдонуу боюнча пилоттук долбоор ишке кирди

admin

Комментарий