Раззак Бейшекеев Азия чемпионатында күмүш медаль алды

 Спортчу Раззак Бейшекеев грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болду.

Финалда ал ирандык Олимпиада чемпиону Саид Эсмаили менен беттешип, 0:3 эсебинде утулду. Мурдараак япониялык Катсуоки Эндону жеңип, өткөн Азиялык оюндагы жеңилгенинин «өчүн» алган.

Бул — Кыргызстандын Азия биринчилигиндеги алгачкы күмүш медалы. Мурдараак куржунга бир коло медаль түшкөн.

25-мартта Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан бул чемпионат 30-мартта аяктайт. Ал грек-рим, кыз-келиндердин жана эркин күрөш боюнча болууда. Кыргызстандан бул таймашка 27 спортчу аттанган.

Related posts

Алматыдагы сойкуканадан кыргыз кыздары аныкталды

admin

Ооганстанда катуу жер титиреди. Жер титирөө Кыргызстанда да сезилди 

admin

Режиссер Геннадий Базаров 81 жаш курагында дүйнө салды 

admin

Комментарий