УКМК: Ош шаарындагы 1,9 гектар жер мамлекетке кайтарылды

КР УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында «Жол курулуш башкармалыгы» ЖАКтын жерлерин менчиктештирүүнүн мыйзамдуулугуна текшерүү жүргүздү. Ишти иликтөөнүн жүрүшүндө «Жол курулуш башкармалыгы» ЖАК тарабынан жер тилкесин мамлекеттик баланска ыктыярдуу жана акысыз өткөрүү боюнча чечим кабыл алынган.
Ошентип, 2025-жылдын 25-августунда «Жол курулуш башкармалыгы» ЖАКтын директору С.И.К. менен КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин ортосунда жер тилкесин ыктыярдуу жана акысыз өткөрүп берүү жөнүндө келишим түзүлгөн.

Related posts

Шыкмаматов президенттин жардамчысы болуп дайындалды

admin

Садыр Жапаров Талас облусуна жумуш сапары менен барат

admin

Бишкекте депутат 1 млн сом алып жаткан жеринен кармалды, — УКМК

admin

Комментарий