И.Ахунбаев атындагы медициналык академиянын мыйзамсыз менчиктештирилген жерлери мамлекетке кайтарылды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан мыйзамсыз камакка алынган мамлекеттик мүлктү аныктоо жана кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында мурда И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына тиешелүү болгон имараты бар жер тилкеси аныкталып, ал 1998-жылы мамлекеттик көзөмөлдөн мыйзамсыз алынып, жеке менчикке өтүп кеткен.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын 1992-жылдын 16-декабрындагы № 1074 «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын 43-беренесинин 6-пунктуна ылайык мамлекеттик билим берүү мекемелеринин имараттары, жер тилкелери жана материалдык-техникалык базасы менчиктештирүүгө жатпайт.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында аталган жер тилкесинин менчик ээси аталган жер участогун имараты менен бирге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өз ыктыяры менен жана акысыз өткөрүп берди.

Related posts

Ошто Кызыл-Суу дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, жолду каптады

admin

Кыргызстандык куткаруучулар эртең Түркиядан кайтып келишет

admin

Түркиядагы жер титирөөдө каза болгондордун саны 3000 адамга жакындады  

admin

Комментарий