Ысык-Ата районундагы жалпы аянты 226 гектар болгон жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын натыйжасында мамлекетке Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы 226 гектар жер тилкелери кайтарылды. Бул тууралуу басма сөз катчысы билдирди.

Маалымат боюнча, аталган жер тилкелери 1992–1994-жылдары мыйзамсыз түрдө муниципалдык менчиктин балансынан чыгарылып, бүгүнкү күнгө чейин жергиликтүү тургундар тарабынан айдалып келгендиги аныкталган.

Ошондой эле, айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана кызматкерлери узак убакыт бою жерлерди муниципалдык же мамлекеттик менчике алуу үчүн зарыл болгон расмий жол-жоболорду аткарбай туруп, айрым адамдарга айыл чарба өсүмдүктөрүн айдоо максатында мыйзамсыз бөлүп берип келишкен. Бул үчүн мамлекетке ижара төлөмдөрү төлөбөгөндүгү аныкталды.

Жер тилкелеринин «Мамлекеттик айыл чарба жер фондусуна» кайтарылышы район аймагындагы жергиликтүү тургундар тарабынан иштетиле турган айыл чарба аянттарын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берип, азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин жогорулатат.

Related posts

Мектеп убада кылышкан, миллиондорду уурдашкан: УКМК эки шектүүнү кармады

admin

Сауд Арабиядан келген дарыгерлер Кыргызстанда жүрөккө бекер операция жасайт

admin

Шакиев: «2024-жылга карата кабыл алынган бюджеттин аткарылышын Жогорку Кеңеш толук көзөмөлгө алат»

admin

Комментарий