Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 7,7 миңден ашты 

Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 5894 адамга, жаракат алгандардын саны 34,8 миңге жетти. Бул тууралуу Түркиянын вице-президенти Фуат Октай билдирди.

«5 миң 894 мекендешибиз каза болду. 34 миң 810 адам жаракат алды. Кыйраган имараттардын саны — 5 миң 775. Урандылардын астынан 8 миңге жакын адам куткарылганын билдиргенбиз», — деди ал.

Анын айтымында, кырсык болгон аймакта 16 миң куткаруучу иштеп жатат.

Сирияда каза болгондордун саны 1832ге жетти. Бул тууралуу Reuters өлкөнүн чукул кызматтарына таянуу менен жазды.

Related posts

Исхак Раззаковдун кызы Эльмира Раззакова Баткенге барды

admin

Түркияда кайрадан эки жолу жер титиреди 

admin

Жазуучу Олжобай Шакир 5 жылга эркиндигинен ажыратылды

admin

Комментарий