УКМК: Ак-Суу РЭТинин кызматкери пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды

Коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу, ошондой эле Ысык-Көл облусунун энергетика тармагындагы мыйзам бузууларды алдын алуу максатында КР УКМК тарабынан 2026-жылдын 29-январында козголгон кылмыш ишинин алкагында «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын Ысык-Көл электр тармактар ишканасына караштуу Ак-Суу райондук электр тармактарынын эсептөө инженери К.М.А. кармалды.

Тергөө материалдарына ылайык, ал электр эсептегичте пломба жок экендигине байланыштуу салынуучу айып пулдун өлчөмүн азайтуу максатында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда туризм кызматын көрсөткөн айрым ишкерлерден накталай акча каражатын талап кылган деп шектелүүдө.

Чогултулган материалдардын негизинде К.М.А. Каракол шаарынын ИИБнин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынды.

Тергөө иштери улантылууда.

Related posts

Тажикстан менен суу, энергетика объектилерин пайдалануу макулдашуусу ратификацияланды

admin

Чек ара чырынан эки кыргызстандык аскер кызматкери жараат алды

admin

Камчыбек Ташиев футбол боюнча жаштар курамасын Азия кубогуна чыгышы менен куттуктады

admin

Комментарий