Ысык -Көлгө чөгүп кеткен 4 жашар Айшаны издөө иштери токтотулду. Жакындары аны 20 күн бою издешкен

Үстүбүздөгү жылдын 18-июль күнү Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда саат 15:00 чамасында көлгө чөгүп кеткен 4 жашар кызды издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу ӨКМ пресс-кызматы билдирет.

Буга чейин маалым болгондой, кыздын үй-бүлөсү көлдүн киши түшпөй турган (жапайы) тилкесине барып сууга түшүшкөн. Ошол учурда каттуу шамал жүрүп, желим матрацтын үстүндө отурган наристени учуруп, анын көлгө чөгүүсүнө себеп болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен тартылган 25тен 45ке чейинки куткаруучулар күн сайын 20 метрден ашуун тереңдикке чейин түшүп, 24 күн бою издөө иштерин жүргүзүп, тилекке каршы натыйжа болгон эмес. 

Мындан сырткары издөө иштерине Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн, облустук регионалдык экология жана көзөмөл башкармалыгынан кызматкерлер жана күч-каражаттар, жергиликтүү тургундардан түзүлгөн ыктыярчылар да тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучу бөлүмдөрүнүн авариялык куткаруу иштерин уюштуруу жана алып баруу жөнүндө жобосуна ылайык дайынсыз болуп жаткан адамды издөө иштери 15 күнгө чейин токтотулмак. Бирок издөө иштери 20 күндөн ашык жүргүзүлүп 9-августтан тарта токтотулду. 

Аталган окуя боюнча кандайдыр бир маалыматтар түшсө, издөө иштери кайрадан жандандырылат.

Related posts

13-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Бишкектин четинде кулаган тик учакта экипаждын командири каза болду

admin

Жалал-Абадда өзүн «положенец» деп атаган шектүү кармалды

admin

Комментарий