УКМК: Улут аралык кастыкты козуткан макалаларды жарыялаган жаран кармалды

УКМК тарабынан улуттар аралык кастыкты козутуу фактыларын жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында чет өлкөдө жүргөндө «Фейсбук» социалдык тармагындагы баракчасына мезгил-мезгили менен кастыкты козутуучу чагымчыл мүнөздөгү басылмаларды жарыялап турган. Кыргыз Республикасынын жараны «Эмиль Бекиев экендиги  аныкталды. 

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Э.Б. жаранына карата  камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы сырттан тандалган.

Үстүбүздөгү жылдын 6-сентябрында жаран “Э.Б.” Россия Федерациясынын мыйзамдарын бир нече жолу бузууга жана Россияга каршы иш-аракеттерди жүргүзүүгө байланыштуу Москва шаарынын Преображенский райондук сотунун чечими менен Кыргыз Республикасынын аймагына депортацияланган.
Ушул жылдын 7-сентябрында жаран “Э.Б.”
КР КК 330 беренесинин 2 б. 1 п. ст. боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн айыпталып, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүлүп берилди.
Учурда тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында сотко жөнөтүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Related posts

Италияда кеме чөгүп, 59 мигрант каза болду. Аман калгандар эмне дешти? 

admin

Жаан жаабайт. 27-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Акжолтой Тукуновдун кармалганы маалымдалды

admin

Комментарий