Кыргызстанда жети миллионунчу жарандын төрөлүшү күтүлүүдө 

Улуттук статистика комитети Кыргызстандын 2022-жылдагы эл жана турак жай фондун каттоонун алдын ала жыйынтыктарын алгандан кийин өлкөнүн калкынын жалпы санын тактоо боюнча иштерди жүргүздү.

Эл аралык сунуштамаларга ылайык, каттоолордун ортосундагы мезгилдеги калктын санын эсептөө үчүн акыркы эл каттоонун маалыматтар базасы жана адамдардын төрөлүшү, өлүмү жана миграциясы боюнча учурдагы эсептин маалыматтары пайдаланылат, алар ай сайын жарандык абалдын актыларын жазуу жана калктын миграциясын каттоо тутуму тарабынан берилип турат.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, ушуга байланыштуу, үстүбүздөгү жылдын август айынан баштап калктын саны 2022-жылдагы эл каттоонун жыйынтыктарынын негизинде эсептелине баштады.

Жүргүзүлгөн эсептөөлөрдүн негизинде үстүбүздөгү жылы Кыргызстандын калкынын саны 7 миллионго жете тургандыгы аныкталган. Статкомдун баалоосу боюнча 2022-жылдын 1-августуна карата республиканын туруктуу калкынын саны 6 млн 977 миң адамды, ал эми 2022-жылдын 1-октябрына карата 6 млн 995 миң адамды түзгөн.

Related posts

Өзбекстандын парламенти кыргыз-өзбек чек арасы боюнча мыйзам долбоорун жактырды 

admin

Камчыбек Ташиев Россиянын элчиси Сергей Вакунов менен жолугушту

admin

Кулубаев: Россия менен Кыргызстандын соода жүгүртүүсү 3,2 млрд. долларды түздү

admin

Комментарий