Кайрат Иманалиев: УТРК Футбол боюнча Дүйнө Чемпионатын үзбөй көрсөтөт

УТРК каналы кечээтен, тактап айканда 20-ноябрдан тарта Катарда башталган Футбол боюнча Дүйнө Чемпионатын көрсөтө баштады. Ооба, Улуттук телеканал Кыргызстандын аймагында чоң спортту көрсөтө алган эксклюзивдик укуктун ээси.

УТРКнын башкы директору Кайрат Иманаливдин айтымында, лицензия алуу өтө оор. Ар бир лицензия чоң каражатты талап кылат. Бюжеттин тартыштыгына карабастан телеканал демөөрчүлөрдү таап, ири спорттук мелдештерди көрсөтүп келе жатат жана дагы көрсөтө берет.

Баса, FIFA уюмунун талабы боюнча Улуттук биринчи канал жана КТРК Спорт телеканалы Кыргызстандын аймагында эфирдик санарип телеберүү (DVB-T2) аркылуу гана көрсөтөт. Спутник аркылуу жана кабелдик каналдарда эфирлер чектелет. Чектөөлөр Эл аралык футбол федерациясы FIFA уюмунун талабына ылайык жүргүзүлөт. Ошого байланыштуу сыналгыга эфирдик санарип телеберүү (DVB-T2) түзүмүн орнотуп алууну да эскертип келе жатат.

Related posts

Орусияда каза болгондордун сөөгү Кыргызстанга алып келинет. Президент атайын борт уюштурууну тапшырды

admin

Талас облусунун Манас районунда жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

admin

Жаан-чачын болбойт. 27-январга карата өлкөдөгү аба ырайы

admin

Комментарий