Улуттук банк биринчи ирет 100 млн. доллардан ашкан интервенция жасады 

Улуттук банк кечээ, 10-январда, валюта рыногуна 104 миллион 250 миң доллар сатты.

Бул каржы регуляторунун тарыхындагы рекорддук көлөм. Буга чейин эң ири интервенция өткөн жылдын аягында, 20-декабрда, 87,5 миллион долларга жасалган.

Буга чейин Улуттук банк накталай чет элдик валюта тартыш болуп жатканын, ал эми накталай эмес формада жетиштүү экенин билдирген. Адатта интервенциялар боюнча маалымат накталай эмес формадагы операцияларды көрсөтөт.

Өткөн жылы башкы банк 486,5 миллиондон кем эмес доллар сатса, 190,7 миллионго жакын доллар сатып алган.

Алтын-валюта резерви (эл аралык валюталык резервдер) Улуттук банкка алмашуу курсунун өзгөрүүсүн текшилөөгө мүмкүндүк берет. Резервдер ондон ашык валютадан, SDR (атайын карыз алуу укугу — эл аралык валюта фондунун жасалма резерви) жана алтындан турат.

Related posts

ЖЭБдеги 14-от казанда болгон авариянын масштабы (видео)

admin

АКШда аномалдуу суук жана начар аба ырайынан улам 91 адам каза болду

admin

Төрага Нурланбек Шакиев ТүркПАнын Кеңешинин жыйынына катышты

admin

Комментарий