Чүй ОИИБдин мурдагы башчысы Самат Курманкулов Орусияга дарылануу үчүн учуп кетти

Чүй ОИИБдин мурдагы башчысы, Кой-Таш окуясынан жапа чеккен генерал-майор Самат Курманкулов Москва шаарындагы калыбына келтирүү борборуна дарыланганы кетти. Бул тууралуу депутат Жеңишбек Токторбаев билдирди.

«Эсен-аман жетип, жакшы дарыланып келсин. Кудайым шыпаа берип, бат сакайып кетсин», — деп жазды ал.

2019-жылдын 7-августунда Кой-Таш айылында болгон окуяда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов башынан жаракат алган. Ооруканада комага түшүп, ага 2 жолу операция жасалган.

Related posts

Баткен облусунун башчысы дагы бир кызматка шайланды

admin

Тажикстандын Кыргызстан менен чектешкен аймагында жер титирөө катталды

admin

Садыр Жапаров расмий сапар менен Австрияга барды

admin

Комментарий