200дөй адам президент Садыр Жапаровдун колунан мамлекеттик сыйлык алат. Тизме

Бишкек, 23-декабрь — Кыргызстанда 197 адам Садыр Жапаровдун колунан мамлекеттик сыйлык алат. Бул тууралуу президенттин сайтында кабарланган.

Президент кол койгон жарлыктарга ылайык, мамлекеттик сыйлыкка татыган адамдар арасында бир катар белгилүү инсандар бар:

  • Кеңеш Жусупов — жазуучу, Эмгек баатыры артыкчылык даражасы менен сыйланат.
  • Акбар Рыскулов — жазуучу, 3-даражадагы Манас ордени менен сыйланат.
  • Шахра Талипова — ырчы, Даңк ордени менен сыйланат.
  • Каныбек Туманбаев — президенттин иш башкаруучусу.
  • Мунарбек Сейитбек уулу — боксчу, 3-даражадагы Манас ордени менен сыйланат.
  • Беганас Султанбаев — боксчунун машыктыруучусу, Даңк ордени менен сыйланат.

Толук тизмени президенттин расмий сайтынан таанышып алууга болот.

Related posts

5-январга карата аба ырайы

admin

КР УКМК: Жалал-Абад облусунда өзүн түштүк аймагы боюнча «смотрящий» деп жарыялаган жаран кармалды

admin

“Ирина Кайратовна” тобунун мобилографынын каза болушу.

admin

Комментарий