Айсулуу Тыныбекова Париждеги Олимпиадага жолдомо жеңди

Айсулуу Тыныбекова 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына катышууга лицензия утуп алды.

20-сентябрда Сербияда өткөн Дүйнө чемпиондугунда 62 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан.

Кыргызстандык кыз Польша, Молдова, Украина жана Германиянын спортчуларын төрт жолу катары менен жеңип, финалга чыкты.

21-сентябрда боло турган финалдык беттештин жыйынтыгына карабастан, Айсулуу Тыныбекова Париждеги Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Буга чейин Олимпиаданын лицензиясын Айпери Медет кызы жеңип алган.

Related posts

Оштон Ысык-Көлгө аба каттам ачылды

admin

Бишкекте кызга күч колдонуп, 98 миң сомун тартып алган шектүү кармалды

admin

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн 

admin

Комментарий