Айыл чарба министрлиги Латвия жана Литванын  ветеринардык  жана фитосанитардык  контролдоо пунктары менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрилигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин, ошондой эле департаментинин өкүлдөрү «Борбордук Азияда соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү» GIZ долбоорунун алкагында өкүлдөрү 2022-жылдын 19-сентябрынан 23-сентябрына чейин Латвияда жана Литвада «Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ветеринардык жана фитосанитардык кызматтарынын өкүлдөрү үчүн мамлекеттик чек арада тобокелдиктерди башкаруу системасы» деген темада, фитосанитардык камсыздоо (өткөрүү пункттарында контролдоо, аймактын мониторинги жана карантиндик фитосанитардык чараларды лабораториялык камсыздоо) тутумун изилдөө боюнча таанышуу сапарына катышты.

Бул сапардын жүрүшүндө латвиялык жана литвалык кесиптештер контролдоо чараларынын толук жол-жоболорун изилдөөгө мүмкүнчүлүк беришти, мисалы:

— чек арадагы латвиянын жана литванын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл органдарынын ишмердүүлүгү;

— импорттук контролдоо тутумунун элементтери (ТБС);

— КӨПтө (контролдук өткөрүү пунктунда) мамлекеттик контролдоо (документтик, идентификациялык жана физикалык текшерүүлөр, анын ичинде үлгүлөрдү алуу. Импорттолуучу товарларга лабораториялык мониторинг жүргүзүү планы. Товардын түрүнө жараша жеринде практикалык сабактар);

— КӨПтө контролдоочу органдар менен башка мекемелердин ортосундагы өз ара иштешүү, ошондой эле Кыргызстандын фитосанитардык кызматын андан ары өнүктүрүү боюнча багыт алуу.

Related posts

Өтмөк ашуусуна кар жаады. Дөңгөлөктү кышкыга алмаштырууну унутпаңыз

admin

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын акиминин биринчи орун басары жана башкы адиси УКМК кызматкерине пара берүү фактысы менен кармалды

admin

Жаңы Зеландиянын аэропорту үч мүнөттөн ашык кучакташууга тыюу салды

admin

Комментарий