Ак-Талаа өзгөрүүлөр жолунда: техника, спорт комплекси жана жаңы турмуш шарттары

Бүгүн, 23-октябрда, КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК Төрагасы генерал-полковник К.К. Ташиев Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ак-Талаа районуна атайын техникаларды тапшырды. Бул кадам аймактагы чарбалык иштерди жана инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган.Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чаранын алгачында КР Президентинин иш башкаруучусу К. Туманбаев УКМК Төрагасына техникалар менен тааныштырды жана алардын пайдаланылышы тууралуу маалымат берди. Генерал-полковник Ташиев техниканы жеке карап, район тургундарына кандай пайда алып келерин түшүндүрдү.

Белгилүү болгондой, Президенттин Турукташтыруу фондунан Ак-Талаа районуна 110 млн сом бөлүнгөн. Жалпысынан 13 техника алуу пландалган, анын ичинен 6 айыл чарба жана атайын техникалар тапшырылды.

УКМК Төрагасы аймактардагы социалдык муктаждыктарды канааттандыруу азыркы күндө башкы максат экенин белгилеп, «Казынадан керектүү каражаттар бөлүнүп, аймактарда оң өзгөрүүлөр байкалууда», – деди.

Иш-чаранын жүрүшүндө ал жергиликтүү тургундарга кайрылып, райондо курула турган жаңы төрөт үйү, ири футбол аянты жана ипотекалык үйлөр боюнча маалымат берди. Бул долбоорлор Ак-Талаа районунун жашоосун жакшыртууга чоң салым кошот.

Related posts

Тынчтык, согуш отун өчүрүү. Трамп Зеленскийдин каалоосун жар салды

admin

«Унаада 3 аял, 2 бала болгон». Алайку жолунда унаа жолдон чыгып даракка урунган

admin

Төө-Ашууда кар көчкү атып түшүрүлүп, жол маал-маалы менен жабылууда

admin

Комментарий