Рубио Россия менен өз ара мамиле, кызматташуунун зарылдыгына токтолуп, АКШга баары бир кызматташууга туура келерин белгилеген.
Америка менен Россиянын расмий өкүлдөрү Эр-Рияддагы жолугушууда Украинанын аймагы боюнча маселени талкуулаган эмес, максат башка болгон. Бул туурасында АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио айтканын РИА Новости анын жакында берген интервьюсунан алып жазды.
«Биз майдалаган талкуу (анын ичине аймактык суроолор да кирген эмес) жүргүзгөн жокпуз», — деген ал.
Рубио АКШ Киев жана европалык союздаштары менен консультацияларды жүргүзүп жаткандыгын да айткан.
«Украиналыктар биз ниеттенген нерселерди билишет, алар менен үзбөй талкуулап турабыз», — деген мамлекеттик катчы.
Рубио маегинде Россия менен өз ара мамиле, кызматташуунун зарылдыгына токтолгон. Бирок азырынча тоскоолдуктар турганын белгилеген.
«Тараптар тирешүү тобокелдиктерин азайтышы мүмкүн, бирок Украинадагы согуш тоскоолдук катары турат», — деген ал.
Мамкатчынын айтымында, кызматташуу ар кыл жаатта болушу зарыл.
«Тактикалык өзөктүк куралдын эң көп кору болгон жана стратегиялык өзөктүк курал боюнча экинчи турган мамлекет менен диалог курушубуз керек… Бизге жакса да, жакпаса да Россия — глобалдуу күч. Алар менен байланышыбыз болушу шарт. Биринчи кадам — учурда Москвада ишин араң алып барып жаткан элчилик», — деген ал.