Акылбек Жапаров: Кумтөр дагы 20-30 жыл кенен иштетилет

Кумтөрдөгү алтындын запасы кенди дагы 20-30 жыл кенен иштетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Өкмөт башчы «Экономиканы өнүктүрүү: изилдөөлөр жана чечимдер» аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышкан.

Жапаров Кумтөр элге кайтарылып, үзгүлтүксүз иштеп жатканын эске салды. Анын айтымында, калдыктар сакталган жайда алтын азайып, казуу иштери жер алдында уланмакчы.

«Запас көбөйүүдө. Дагы 20-30 жыл кенен иштетилет. Тоголок кени да бар. Ушу тапта Кумтөрдү фондулук рынокко чыгаруу боюнча иштеп жатабыз», — деди минкаб төрагасы.

Related posts

Сак болуңуз! Тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн

admin

Ошто 18 жаштагы жоокер өзүн-өзү атып каза болду

admin

Актан Арым Кубаттын «Эсимдеси» «Евразия» эл аралык сынагына катышат 

admin

Комментарий