«Акыркы сабактагы» Кутман менен Океана наристе күтүп жатканын ачыкташты

«Акыркы сабак» сериалындагы Кутман Айылчиев менен Океана Урматбек наристе күтүп жатканын ачыкташты. Алар кубанычтуу кабарын социалдык тармактагы баракчасына жазып, сүрөт менен бөлүшүштү.

«Биз ата-эне болобуз. Кичинекей үй-бүлөбүз чоңоюп жатат. Сезимдерибизди сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес. Биз сени күтүп жатабыз”, — деп жазышты алар.

2022-жылдын 5-июль күнү Кутман Айылчиев сүйүктүүсүнүн колун сурап макулдугун алган видеосун соцтармактагы баракчасына жүктөгөн. Ал эми 19-августта Океананын кыз узатуу тою өткөн. 21-августта үлпөт той болгон.

Related posts

Президенттин маалымат катчысы шылуундар анын атын жамынып жатканын айтты

admin

Кыргызстанда жер титиреди

admin

Камчыбек Ташиев: Туруктуулук, тынчтык жана келечек үчүн добуш бердим

admin

Комментарий