Акжол Махмудов Роман Власовду жеңди 

Акжол Махмудов Иван Поддубныйдын балбандар лигасынын (PWL – 4) мелдешинде россиялык Роман Власов менен күрөштү.

Спорттук иш-чара 26-апрелде Казакстандын Алматы шаарындагы спорт ордосунда өттү.

Махмудов менен Власов грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмакта күч сынашты. Эки балбан тең атаандашына белин алдырбай 1:1 эсебинде күрөштү аяктады. Акыркы упайды Акжол Махмудов алганы үчүн жеңиш ага берилди.

Белгилей кетсек, Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону жана Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси, ал эми Роман Власов дүйнөнүн үч жолку жана Олимпиаданын эки жолку чемпиону.

Аталган турнирде Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча 60 кг салмакта россиялык Динислам Бамматовду 7:2 эсебинде  женип алды.

Эскерте кетсек, Иван Поддубныйдын балбандар лигасы (PWL) 2022-жылдын май айында түзүлүп, анын биринчи мелдеши Россиянын “ЦСКА” футболдук клубунун машыгуу аянтчасында, экинчиси Москванын Вернадский мамлекеттик циркинде өткөн. Үчүнчүсү Бишкекте өтүп, кыргызстандык үч балбан күрөшкөн.

Аталган мелдеште 10дон ашык өлкөдөн 1 миңдей балбан күчүн сынайт.

Related posts

Садыр Жапаров Кой-Таш аскер бөлүгүнө барып, аскерлердин тамагын жеп көрдү

admin

Садыр Жапаров: «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору тышкы карызга кирбейт»

admin

Баткенде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды 

admin

Комментарий