Алымкадыр Бейшеналиев Исламабад шаарында Глобалдык саммитке катышууда

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 10-11-январда Исламабад шаарында саламаттык сактоо тармагындагы коопсуздук боюнча Глобалдык саммитке катышууда.

Ведомстводон билдиришкендей, иш-чарага бир нече өлкөнүн саламаттык сактоо министрлери катышууда. Министрлер саммиттин катышуучуларына күчтүү жана туруктуу коомдук саламаттык сактоо системасын түзүү темасында кайрылышты.

Өз кезегинде Алымкадыр Бейшеналиев бул иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилеп, саламаттыкты сактоонун коопсуздугу жана системанын туруктуулугу менен байланышкан тармактарда диалогду жана жаңы өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк экенин баса белгиледи.

Эки күндүк талкуулардын жыйынтыгында саламаттык сактоо тармагындагы келечектеги коопсуздук боюнча глобалдык хартияга кол коюу пландалууда.

Related posts

КР УКМК: «Ынтымак» ААКсынын 255,6 га жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды

admin

Бишкектен Орусия жана Европага баңгизат ташууга шектүүлөр кармалды 

admin

КР УКМК: Бишкекте жиу-житсу боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты болуп өттү

admin

Комментарий