Азимбек Бекназаровдун уулу экстремисттик материалдарды таратууга шектелүүдө

Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров экстремисттик материалдарды таратууга шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Интернет мейкиндигине мониторинг жүргүзүүдө “Фейсбук” социалдык тармагында Кыргызстанда тыюу салынган “Хизбут-Тахрир-аль-Ислами” экстремисттик-террористтик уюмунун идеологиясына үндөгөн материалдарды жайгаштырып, таратып жаткан аккаунт аныкталган.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу беренеси боюнча катталган.

Кылмыш ишинин алкагында 41 жаштагы Р.Б. (Руслан Бекназаров) аттуу жаран кармалып ИИМдин тергөө кызматына суракка чакырылды.

Эске салсак, Руслан Бекназаров Бишкектин Свердлов районунун акиминин орун басары кызматын аркалайт.

Related posts

Үзүр Жусупбеков Польшада өтүп жаткан рейтингдик турниринде коло байгеге ээ болду

admin

КР УКМК: Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т.А. акча каражаттарын пара катары берүү учурунда кармалды

admin

Ордо калаанын жалпы имамдары Палестинада курман болгондорго дуба кылды

admin

Комментарий