Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 16-октябрдан тарта дүйшөмбү, шаршемби, жума күндөрү эртең мененки саат 8:00дон 17:30га чейин Балыкчы-Кочкор унаа жолунун 39+90–42+90-чакырымдар аралыгы жабылып жатканын билдирди.
Ведомство аталган тилке Балыкчы-Кочкор темир жол долбоорунун курулушунун ишке ашыруунун алкагында аска таштарды бургулоо жана жардыруу жумуштарына байланыштуу бир ай аралыгында жабылып турарын кошумчалады.