Балыкчы шаарында жеке нотариус кармалды

КР УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Балыкчы нотариалдык округунун жеке нотариусу кармалды.

Тергөө маалыматына ылайык, нотариус кыймылсыз мүлктү сатуу-сатып алуу келишимин мыйзамсыз жол-жоболоштуруп, документтердеги тараптардын кол тамгаларын жасалмалаган.

Келишим мүлктүн мыйзамдуу ээсинин кабарысыз жүргүзүлүп, анын натыйжасында ал өз мүлкүнө болгон укугунан ажыратылган.

УКМК жарандарды ушундай фактылар боюнча төмөнкү номерлерге кайрылууга чакырат:

+996 (3922) 51180

+996 555 540052

Related posts

Бишкекте 2,5 миң окуучу хор менен Манас айтты

admin

29-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Былтыр Кыргызстан менен Свердлов облусунун товар жүгүртүүсү 130 млн. доллар болду

admin

Комментарий