Билим берүү министрлигине каникулду узартуу боюнча сунуш түштү 

Билим берүү министрлигине каникулду узартуу боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинен сунуш түштү. Маалыматты аталган министрликтен тастыкташты.

«Саламаттык сактоо министрлиги Билим берүү жана илим министрлигине каникулдарды узартуу маселеси боюнча сунуш кылды. Билим берүү министрлигинен жооп күтүп жатабыз. Кандай болгон күндө да Бишкектин мектептери офлайн режиминде да, онлайн режиминде да окууга даяр”, — деп билдирген мэрия.

«Бизге сунуш бүгүн саат 10::00дөн кийин түштү. Азыр бир нече министрликтен турган комиссия жыйын өткөрүүдө. Жыйындын соңуна ылайык белгилүү болот»,— дешти Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы.

Related posts

15-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Камчыбек Ташиев футбол боюнча жаштар курамасын Азия кубогуна чыгышы менен куттуктады

admin

«Ну-ка, все вместе!» долбоорунда 2-орунду алган Азат Раимбердиев кайрылуу жасады

admin

Комментарий